Сооронбай Жээнбеков үй-бүлөсү менен Кыргызстандын чыгып кетти | Эркиндик Медиа

Сооронбай Жээнбеков үй-бүлөсү менен Кыргызстандын чыгып кетти

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков үй-бүлөсү менен Кыргызстандан чыгып кетти. Бул тууралуу “24.кg” маалымат агенттиги өзүнүн ишенимдүү булактарына таянып жазды.

Жээнбеков Стамбулга “Манас” эл аралык аэропортунун алдында учуп кеткени такталды.

Эске салсак, Сооронбай Жээнбеков 2020-жылдын 15-октябрында башаламандыктардан улам кызматтан кетүүгө аргасыз болгон.

Жакында эле Сооронбай Жээнбеков экс-вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин иши боюнча көрсөтмө берүү үчүн Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотуна чакырылганы белгилүү болгон.

Мындан тышкары, Октябрь окуясынын катышуучулары Жээнбековду ИИМге жана УКМКга кылмыш жоопкерчилигине тартуу талабын коюшкан. Алар экс-президенттин 5-октябрдагы митингди күч менен таркатуу боюнча буйрук чыгарууга укугу жок деп эсептешет.