Сооронбай Жээнбеков Садыр Жапаровдун инаугурациясына чакырылды | Эркиндик Медиа

Сооронбай Жээнбеков Садыр Жапаровдун инаугурациясына чакырылды

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын жаңы шайланган башчысы Садыр Жапаровдун инаугурациясына чакырылды. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек билдирди.

Анын айтымында, мындан тышкары экс-президент Роза Отунбаева жана мамлекет башчылыкка ат салышкан талапкерлер да ант берүү аземине чакырылган.

Жээнбеков өлкөнү үч жыл башкарган соң 2020-жылдын октябрь айындагы окуялардан кийин отставкага кеткен. Ошол кездеги президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Жээнбековдун статусу жөнүндө жарлыкка кол койгон. Анда экс-президентке мыйзам тарабынан каралган бардык ченемдер сакталары жазылган.

2021-жылдын 10-январында Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтүп, анда Садыр Жапаров жеңишке жеткен.

Инаугурация 28-январь күнү Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониянын чоң залында өтөт.