“Сооронбай Жээнбеков сотко келбейт” Анын адвокаты окуя боюнча үн катты | Эркиндик Медиа

“Сооронбай Жээнбеков сотко келбейт” Анын адвокаты окуя боюнча үн катты

Сооронбай Жээнбековдун жактоочусу Жыргал Бабаев экс-президенттин сотко күбө катары чакырылганы тууралуу маалыматка жооп берди.

Буга чейин экс-президент Сооронбай Жээнбеков мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин иши боюнча Бишкек шаардык сотуна чакырылганы айтылган. Маалыматты Зилалиевдин жактоочусу Таалайгүл Токтакунова тастыктады.

«Биринчиден, банк ячейкасын ачуу боюнча нюанстарга токтолгум келет. Банк ячейкасын ачууда кардар банкка акы төлөйт. Сот процессинде банк кызматкери көрсөтмө берди. Аталган ячейканын акысы 3 ай бою төлөнгөн эмес жана Зилалиев бул убакта банкка барган эмес. Мындай учурларда банк ячейканын ичин ачат. Зилалиев 2011-жылдан бери аталган банкта ячейкаларды ачып, кызматын колдонуп келген. Аталган ячейка 2016-жылы июль айында бир жылга ачылган. 2017-жылы июлда ячейканы тейлөө мөөнөтү аяктап, анын мөөнөтүн узартып же ячейканы жабыш керек болчу. Эгерде кардар келбесе, банк ячейканы жабат.

Банк комиссия түзүп, ячейканын ичин ачып, ал учур видеого тартылган. 2 жумадан кийин Зилалиев ячейкадагы акчаны алып кеткен. Банк ячейканын ичин июнь айында ачкан, демек Зилалиев банкка акыркы жолу 2017-жылы март айында барган. Ячейка Жээнбеков премьер-министр болуп турганда жана президенттикке талапкер боло электе түзүлгөн. Анан кантип бул ячейка президенттик шайлоо кампаниясы үчүн камдалган болот?

Сотто белгиленгендей, Зилалиев кымбат баадагы кеңселерди алып, кымбат үйлөрдү курган. «Кайсы акчага?» деген суроо жаралат.

Зилалиевге кылмыш иши УКМК тарабынан 2017-жылдын 24-ноябрында милиция кызматкерине бомба тууралуу жалган маалымат бергендигине байланыштуу козголгон. Андан кийин мыйзамсыз баюу боюнча кылмыш иши козголду. Бир нече жыл өткөндөн кийин жаңы бийлик келип, Жээнбеков экс-президент статусун алганда Зилалиев бул ишке саясий боёк берүүгө аракет кылып жатат. Бул жалган жалаа.

Экинчиден, бул ишке Сооронбай Жээнбековдун эч кандай тиешеси жок. Ал фигурант дагы, күбө дагы эмес. Андыктан экс-президент макамын эске албаганда дагы сотко барууга милдеттүү эмес.

Расмий түрдө билдиребиз: Зилалиев банктагы каражат Жээнбековдун шайлоо кампаниясы үчүн ага берилгени тууралуу жалган айтып жатат», – деди жактоочу.