Сооронбай Жээнбековго карата жазылган арыз ИИМ жана УКМК тарабынан каралат | Эркиндик Медиа

Сооронбай Жээнбековго карата жазылган арыз ИИМ жана УКМК тарабынан каралат

Экс-президент Сооронбай Жээнбековго каршы Башкы прокуратурага 2020-жылдын 5-октябрында Бишкекте өткөн митингде жабыркагандар тарабынан жиберилген. Арыз Ички иштер министрлигине жана УКМКга кароого жөнөтүлдү. Бул тууралуу өлкөнүн башкы көзөмөл органы билдирди.

Белгилей кетсек, арыз ээлери укук коргоо органдарына демонстранттарды күч менен таркатууга буйрук бергендиги үчүн Сооронбай Жээнбековду кылмыш жоопкерчилигине тартууну талап кылышууда. Ошондой эле, алар аны Кыргыз Республикасынын экс-президенти статусунан ажыратууну талап кылышты.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, жабырлануучулардын арызы Ички иштер министрлигине жана УКМКга жөнөтүлүп, ал жакта иликтенип, мурунку мамлекет башчынын аракетине укуктук баа берилиши керек.

6-октябрга караган түнү Бишкектеги башаламандык учурунда 1221 адам жаракат алган. 19 жаштагы Үмүтбек Алтынбек уулу каза болуп, жүзгө жакын адам ооруканага жаткырылды.