Социалдык фонд пенсиялык топтоо үчүн алтын куймаларын сатып алууну каалайт | Эркиндик Медиа

Социалдык фонд пенсиялык топтоо үчүн алтын куймаларын сатып алууну каалайт

Социалдык фонд топтолуучу пенсиялык фонддун каражаттарын алтын куймаларга салгысы келет. Тиешелүү долбоор коомдук талкууга коюлду.

2020-жылдын аягында Мамлекеттик топтоочу пенсиялык фонддо 24 миллиард 656,2 миллион сом топтолду. Алардын 91,26 пайызы (22 миллиард 501,1 миллион сом) мамлекеттик баалуу кагаздарга, 6,15 пайызы (1 миллиард 516,2 миллион сом) коммерциялык банктардагы депозиттерге жайгаштырылган.

“Социалдык фонд пенсиянын топтолушун аффинирленген алтын сыяктуу альтернатива каражатка инвестициялоону сунуштайт. Мамлекеттик пенсиялык фонддун активдеринин 10 пайызын же 2,4 миллиард сомун алтын куймаларга инвестициялоо сунушталды”, – деп айтылат билдирүүдө.