Строкова президент Жээнбековдун сүрөтү бар футболка менен митингге келди | Эркиндик Медиа

Строкова президент Жээнбековдун сүрөтү бар футболка менен митингге келди

Бүгүн, 8-октябрда Бишкек шаарынын мэриясынын алдында буга чейин отставкага кеткен Азиз Суракматовдун тарапташтарынын митинги өтүүдө. Мэриянын имаратынын алдында адамдардын тобу жана элдик кошуундун өкүлдөрү турат.

Митингге Жогорку Кеңештин депутаты Евгения Строкова да келген. Ал президент Сооронбай Жээнбековдун сүрөтү түшүрүлгөн футболка кийип алган. Айрым адамдар анын кетүүсүн талап кылышты.

Бирок Строкова унчукпай, турган жеринен жылбай койгон. Ага болушкандар да болду. Ага карабай айрым адамдар аны провокация жасап жатканын айтып, четке алып кетишти.

Евгения Строкова парламенттик шайлоодо «Биримдик» партиясынын тизмесинде №4 орунда болчу.

Эске сала кетсек, 4-октябрь, жекшемби күнү Кыргызстанда парламенттик шайлоо болуп өткөн. Бул күнү өлкө боюнча шайлоо участкаларында көптөгөн мыйзам бузуулар катталды. Алдын ала маалыматтар боюнча, “Биримдик” жана “Мекеним Кыргызстан” көпчүлүк добушка ээ болушкан. Бул азыраак добуш алган партия мүчөлөрүнүн нааразычылыгын жаратты.

5-октябрда Бишкекте болгон митингдер массалык баш аламандыктарга алып келип, айрымдар бийликти жарым-жартылай басып алышкан. 6-октябрга караган түнү демонстранттар Ак үйдүн дарбазаларынын бирин ачып, ашып өтүүгө жетишти. Андан кийин УКМКнын имараты басып алынган. Эртең менен саясий партиялардын тарапкерлери өкмөттүк мекемелерди басып алып, партиянын мүчөлөрүн кызмат ордуна дайындашты. Бийлик алмашуу республика боюнча жүрүп жатат. Күндүн ичинде бир катар кадрдык өзгөрүүлөр болду. Саат 14: 30га чейин БШК шайлоону жараксыз деп тапты. 13 саясий партия биригип, координациялык кеңеш түзүп, жалпы элдик ишеним өкмөтүн түзүүгө чакырды.

6-октябрдын кечинде парламенттик көпчүлүктүн коалициясы премьер-министрдин кызмат ордуна Садыр Жапаровду сунуштады. Коомдук жана саясий күчтөр бул талапкерди легитимсиз деп эсептешүүдө. 7-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары коопсуздук коркунучунан улам президентке импичмент жарыялоо жана техникалык премьер-министрди шайлоо боюнча толук кандуу жыйын өткөрө алышкан жок. 8-октябрда эртең менен Кыргызстандагы абал туруксуз: учурдагы бөлүм башчылар аралыктан иштеп жатышат, Садыр Жапаров бийликте өз ордун ээлөөгө аракет кылып жатат, калгандары аны кызматтан кетирүү үчүн биригүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат.