Сыймык Жапыкеев: “Эң маанилүү кагаздар табылды, маанилүү кеңселеринде тинтүү жүрүп жатат” | Эркиндик Медиа

Сыймык Жапыкеев: “Эң маанилүү кагаздар табылды, маанилүү кеңселеринде тинтүү жүрүп жатат”

Финансылык полицияга коомчулуктун колдоосуна муктаж. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын башчысы Сыймык Жапыкеев өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

“Инаугурация бүтсүн деп сөз бердим эле. Акча чечпейт, Жумалиевдин акчасына алданбайбыз. Силердин колдооңор эле керек. Эң маанилүү кагаздар табылды, маанилүү кеңселеринде тинтүү жүрүп жатат”, – деп жазган Жапыкеев.

Эскерте кетсек, кечээ, 29-январда Финполиция тарабынан Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев жана анын жакын адамдары германиялык инвесторду алдап, 800 миң доллар төлөбөй койгон деп шектелип кармалган.