Сыймык Жапыкеев: “Мелис Аспеков менен эч кандай мамилем жок” | Эркиндик Медиа

Сыймык Жапыкеев: “Мелис Аспеков менен эч кандай мамилем жок”

Мелис Аспеков менен Сыймык Жапыкеевдин мамилеси жок. Бул тууралуу Жапыкеев Кактус маалымат агенттигине.

“Чыгып жаткан маалыматтар туура эмес. Биздин эч кандай мамилебиз жок. Ал кимден канча акчаны опузалаганын тергөөнүн жыйынтыгы көрсөтөт. Ал антип дагы айтпаш керек эле. Ал эми Улан Жураевди такыр тааныбайм, аны билбейм дагы. Мен анын блогер экенин билгем. Бир жолу кафеден көргөм”, – деди Жапыкеев.

Белгилеген кетсек, 9-январда УКМК жарандык активист Мелис Аспеков менен Улан Жураевди 250 миң доллар талап кылган деген жүйөө менен кармаганы маалымдалган.

Ал эми бүгүн айрым маалымат каражаттары камакта жаткан Мелис Аспеков Сыймык Жапыкеевге каршы көрсөтмө берүүдө деп жазып чыгышкан. Ал ортодо УКМК бул маалымат фейк экенин, кимде-ким жалган маалымат таратса, мыйзам чегинде чара көрүлөрүн эскертти.