Төрөттөн кийин каза болгон келин: Айыпталган дарыгер операциянын чоо-жайын айтып берди | Эркиндик Медиа

Төрөттөн кийин каза болгон келин: Айыпталган дарыгер операциянын чоо-жайын айтып берди

Кара-Көл шаардык ооруканасынын башкы дарыгери Абдулбакы Ырысбеков төрөттөн кийин каза болгон келин тууралуу Турмуштун аймактык кабарчысынын суроолоруна жооп берди.

Буга чейин милицияга Кара-Көл шаарына караштуу Кетмен-Төбө айылынын тургуну арыз менен кайрылган. Ал 1978-жылы туулган аялы Б.Д. 2020-жылдын 11-ноябрында Кара-Көл шаарынын ооруканасынын төрөт бөлүмүндө операция жолу менен төрөгөнүн, ошондо дарыгерлер туура эмес дарылап, жумушуна шалаакылык мамиле жасагандан соң, аялы Бишкек шаарындагы Улуттук хирургия борборунда каза болгонун билдирген. Мындан улам Кара-Көл шаардык ооруканасынын төрөт үйүнүн дарыгерлерине карата мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган. Милиция бул окуя боюнча иликтөө баштаган.

– Кара-Көлдө кесераво жолу менен төрөгөндөн кийин Улуттук хирургия бөлүмүндө каза болгон 42 жаштагы келиндин операциясына катышкансыз да?

– Мен каза болгон жарандын операциясына чындап эле ассистент (хирург) катары катышкам.

– Операция кайсы убакта болгон?

– Иш убактысы болчу. Саат төрттүн ал жак, бул жагы болсо керек. Азыр эсимде жок. Бирок жумуш убактысы эле. Иш ордунда болчумун, коридордо тургам. Төрөт үйүнүн санитаркасы чуркап келип, «операционыйга чакырып жатат» дегенинен чуркап бардым.

– Маркумдун эжесинин айтуусунда ошол күнү сиңдиси операция учурунда 1 саат ичи ачык жатып калган экен. Анткени башкы дарыгер жок болуптур. «Аны тойдон тез жардам унаасы менен алып келди. Келгенден кийин шашып жасап, кайра кетип калды» деп айтып жатат. Буга кандай жооп берет элеңиз?

– Мен ал күнү тойго барган жокмун. Азыркы учурда коронавирус күчөп жаткан кезде, өзүбүз тойго барбагыла деп айтып алып, кайра өзүбүз барган болбойт. Азырга чейин тойго барбайм. Каадаларга да көп бара бербейм. Ал кезде жумуш ордумда болчумун. Муну чогуу иштегендердин баары тастыктайт. Операцияна киргем.

– Ассистент катары киргенсизби?

– Ассистентин функциясы – бул операциянын негизги жерине жардамдашып, анан 2 адистин күчү жетпей бара жатканда, кошумча кол катары тигип, байлаганга жардам берип, көмөктөшүү. Мына ушундай кез болгондуктан жардамдашкам. Анан курсагын тигип бүткөндөн кийин, 2 гинеколог калып, мен чыгып кеткем.

– Сиз операцияга киргенде маркумдун абалы кандай эле? Же сиз ошондой операцияны биринчи жасап жатасызбы?

– Мен бейтаптын абалына көңүл бурган эмесмин. Жуунуп кирип дароо операцияга жардам бердим. Мен киргенде бала алынган экен. Андан ары баланы медайым карап жаткан. Операцияны улантканга гана жардам бердим. Мен акушер-гинеколог болбогон үчүн ампутация, экзартикуляция деген операциялар бар. Аларды чынында жасаган эмесмин. Бул акушер, гинекологдун операциясы. Муну ар бир адам жасап кетчү нерсе эмес. Атайын буга окутушат.

– Шашып жасап кеткенсизби? Трубка койгон эмес деп жатышат?

– Шашып кеткен дегенге жообум, мага өздөрү уруксат беришкен. «Биз мындан ары операцияны жасап коебуз» деп айткандарынан чыгып кеткем. Трубка качан коюлат? Дринаж бир нерсеге шектенүү болсо же агып атса, агып калышы мүмкүн десе. Бир нерсе топтолуп калышы мүмкүн десе сыртка агып чыгуу үчүн, ичинде бир нерсе болбой жатат бекен деген диагноз үчүн коюлат. Анан ал жерлерине мен өзүм жардамчы болсом, негизги операция жасап жаткан акушер, гинекологко мындай кыл деп үйрөтө албайм. Ал өзүнүн операциясын өзү билет. Ал жагынан алсызмын.

– Ошондо жатында алуу операцияны ким жасады?

– Бегалиева Жеңиш жасады. Мен байла деген жерин байлагам. Тик деген жерин тигип коюшум мүмкүн. Чоюп, кармап тур деген жерин кармап турам.

– Макумдун абалы оорлогондон кийин Бишкекке алып кетүүгө сиздер эмнеге каршы болгонсуздар. Тез жардам унаасын мэрдин гана кийлигишүүсүнөн кийин берипсиздер? Себеби эмнеде?

– Акыбалы оор бейтапты чынында бир жакка которууда мейли санавиация менен болсо да жылдырганга болбой турган учур болуп калат же жылдырса боло турган учур да болот. Бизде санавиацияга атайын окутулган бригада жок. Биз керек болгондо Бишкектен анан Жалал-Абадтан гана чакырабыз. Алар өздөрүнүн бригадасы менен келет. Ошол күнү чынында жолдошу келген. Мен Бишкекке чалдым. 5-6 жерге чалдым. Биринде унаа бузулса, бири экинчи жакка кетти деп жатышты. Жолдошуна келбей калды санавиация керек деп айттым. Анан булар мэрияга барып кайрылышкан. Алар мага чалды. Бул жерде тигил, бул жакка чалды. Ошондон кийин жөнөттү деген сөзгө кошула албайм. Себеби алар да чалганда кандай болсо да жөнөт деген нерсени айтпайт. Анткени бейтаптын акыбалын алар көрбөйт. Жолдо бир нерсе болсо алар жооп бербейт. Алар дайыма «Силер карап көрүп, ситуация ошого жооп берсе, анан жөнөткүлө» деп айтышат. Ошол күнү жолдошу чуркап, мен бейтаптын абалын көрүп, өзүм кошо барсамбы деп калгам. Анан акушер, гинеколог менен реанимотологду кошуп, «рисковать» этип жөнөттүк. Ал акыбалда жолго чыгарбаш керек болчу. Тигил жактан врачтарды чакырыш керек болчу.

– Эмнеге чакырбадыңар?

– Биринчи жолу чакырдык. Экинчи жолу өздөрү «бергиле, алып кетебиз, унаа таап бер, «платный» болсо да чакырып бер» дей берген үчүн жөнөткөнбүз.

– Эмне үчүн жалал-абадыктар албай коюшту?

– Алар бул жерден көрүп УЗИге тартты. Карап көрүштү. Акушер, гинекологдор эмнеге көңүл бурса, ошону карап көрүп, акушер, гинекологиялык жактан азыр бир облуска алып кетүүнүн зарылдыгы жок экен. Азырынча телефон аркылуу сүйлөп, ушул жерден көзөмөлдөп туралычы деп кетишкен.

– Макумдун бир туугандары «Көпчүлүк күнөө башкы дарыгерде. Учурда башкы дарыгер дагы, Жеңиш Чукуновна дагы иштеп жатат» деп айтышууда?

– Менин күнөөм барбы…? Эми азыр тергөө жүрүп жатат. Бул жерде кимдин канчалык күнөөсү бар сот таразалап чечет. Операцияга мен жөн гана ассистент катары жардам бергем.

Ал эми иштеп жатканым боюнча, бир туугандары менен жолукканда да айткам. Мейли сот териштирсин. Анан билинет. Кет десе кетебиз. Бул эми сырттан эле бирөө келип кет десе кете берчү нерсе эмес. Биз дагы бүгүн иштеп, эртең таштап кете берген туура эмес. Бул жердин жоопкерчилиги ошончолук чоң. Текшерүүлөр бүтсүн. Анан ким кетет же калат билинет.

Ал эми Жеңиш Чукуновна боюнча айтсам. Ал бейтапты Бишкекке которуп келгенден кийин, ошол эле күнү арыз жазды. Бирок ошол жерде иштеген акушер, гинеколог Максат деген да төрөт үйүнө иштөөдөн баш тартты. Жеңиш Чукуновна да иштебейм деди. Мен «Иштегенге адис жок болуп жатат. Башка эл бар. Алар эки жакка барып кыйналбаш керек» дедим. Ар жылы биздин шаарда 600гө жакын төрөт болот. Ошонун баары келип төрөп кетип жатат. Анын баары эле башка жактан төрөп келген жок.

Эми мындай кимде гана болбойт. Чын алып караганда жөн эле кырсыктап, унаа уруп өлүп калып жатат. Булар өлбөсө экен деп карап жүрүп өлүп калып жатат. Бул тарткылык болуп жатат. Мындай нерсе ар бир дарыгердин башында болуп калышы мүмкүн. Эгер ал дарыгердин тагдырына жазса 100 жыл иштесе да болуп калышы мүмкүн. Кайсы эле дарыгер бирөөнү өлтүрүп коеюн деп операция кылып, жардам көрсөтсүн. Мына бүгүн да Жеңиш айым арызын көтөрүп келип, кетем деди. Гүлнур, Асел деген гинекологубуз төрөт үйүндө иштеш кыйын болгон үчүн, үй-бүлөлүк дарыгердин окуусун окуп, төрөт үйүнө жолобойт. Максат дегенибиз тажрыйбасы жакшы болчу, ушул жагымсыз окуядан кийин «Такыр иштебейм. Кабыл алуу бөлүмүнө барышым мүмкүн, төрөт бөлүмүнө такыр барбайм» деп жатат. Ал эми Жеңиш Чукуновнаны жалынып-жалбарып жатып отпускага жөнөттүм. Эми төрөт бөлүмүнүн ишин ким алып барат билбейм жатам. 1 жума же 1 айга жабып койсок эмне болот? Медиктердин да иши татаал. Аны да таразалап көрүү керек.

– Айлык канча?

– Мен башкы дарыгер болуп олтуруп аябай көп алды дегенде 12 миң сом алам. Өтө болуп кетти дегенде. Ал эми башка убакта 9-10 миң алам. Башкалары дагы ушундай эле.

– Адис жетишпейт деп жатасыз. Жаңы адистерди чакырууга аракет кылдыңыздарбы?

– Мындай жагымсыз окуяда, эгер 20 адам бизге келем деп кезекке турса Жеңиш Чукуновнаны иштен алып, кайра кийинкисин кою берсек болмок. Дарыгер жок. Азыр биз эч тажрыйбасы жок дарыгерге барып, «келип иштеп бер» деп айтсак, «биринчи эмне шарт түзүп бересиң» дейт. Ал жаш адистин колунан келеби, келбейби ага карабайт. Азыр Кара-Көлгө келип иштеп берем деген эч ким жок. Эми тажрыйбасы жок адисти алып келсек, анан тажырыйбасы барды кетирсек… Эми кырсык экен. Аны ал атайлап жасаган жок. Бирок эч ким айта албайт менде болбойт деп. Анан жаңы бүткөн адисти алып келип иштетсек, андай болбойт деп ким кепилдик бере алат. Анда да ызы-чуу. «Тажрыйбасы жокту алып келип койду. Тигини койсо болмок» деп айтышат.

– Эгер сот күнөөлүү деп таап калса андан аркы абалга сиздин оюңуз канда?

– Эгер бул гинеколог кетсе билбейм ким келип иштейт. Төрөт үйүндө иш кандай болот айта албайм. Жалал-Абадка ар бир кварталда канча адис жок экени боюнча маалымат берип, окуу аяктаган жылы Медициналык академияга мындай дарыгерлер керек деп тизме беребиз. Аларда аукцион деп коет. Ошондо жаңы бүткөн адистерге барып «бизге барып, иштеп койчу» деп жалдырайбыз. Эгер келсе ушул убакытка чейин келмек. Дароо эле шартын, айлык маянасын анан жашаганга үй барбы сурашат. Эми бул жактан эч нерсе чече албасаң, ал жакка барып сөз берип, алып келе албайсың. Окуу жайларды дарыгерлер чынында көп бүтөт. Эмнегедир региондорго барышпайт. Бизге мисалы менин келгениме 4 жыл болуп баратат. Ошол мен келгендеги дарыгерлер менен иштеп жатабыз. Башка жаңы келе элек. Ординаторлор да келбейт. «Регионго барып эмне кылабыз? Андан көрү Бишкекте же Ошто калган жакшы» деп келишпейт.

– Сиздер маркумдун туугандарына 400 миң сом сунуштадыңыздар беле?

– Жок. Мен ошону бүгүн угуп таң калдым. Алар «же ишти кыргызча бүтөрөсүңөр же сот аркылуу бүтөрөсүңөр» деп аябай чоң сумманы сураган. Мен аларга дароо «маянабыз кичинекей болсо, силер сураган сумманы буларды билбейм, мен бере албайм» деп айткам. Жеңиш айым да «Ушунча жыл иштеп мынча эле айлык алып келе жатам. Мен силерге бул акчаны кайдан табам?» деп айткан.

– Маркумдун туугандары сиздин Мамакеев атындагы ооруканада чогуу окуган курсташыңыз бар экен. Ошол аркылуу ишти бүтөрүп жатат деп айтышты.

– Ал жакта курсташым иштейт. Анын иштегенин ошондо билдим. Эч кандай ал аркылуу иш бүтөргөн жокмун. Болгону бейтап бизден кеткенден кийин, албетте анын акыбалын сурап турдум. Эч жакка эч ким чуркаган жок. Иш сотко ашкандан кийин эч ким эч нерсе кыла албайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.