Таанышынын телефонун тартып алган жаран кармалды | Эркиндик Медиа

Таанышынын телефонун тартып алган жаран кармалды

Бишкекте 26 жаштагы баланы тоноп кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу Кайгуул милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка таянсак, 28-февраль күнү милицияга 26 жаштагы М.Б аттуу жаран кайрылган. Ал өз арызында ошол эле күнү Ден-Сяопин жана Интергельпо көчөлөрүнүн кесилишинен М. аттуу чала таанышы арыз ээсин коркутуп, күч колдонуп ачык түрдө баасы 16 000 сом турган “Редми Нот-9” үлгүсүндөгү уюлдук телефонун тартып алганын билдирген.

Кылмыш изи сууй электе кылмышка шектүү катары 1990-жылы туулган Т.И. аттуу жаран кармалып, Ленин райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүп берилген. Учурда “Тоноо” беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүүдө.