Ташиев: Ким уурдаса мамлекетке мүлкү же акчасы менен кайтарабыз, ал эми ким кайтара албай, уурдаганын жеп койгон болсо ал түрмөгө кетет | Эркиндик Медиа

Ташиев: Ким уурдаса мамлекетке мүлкү же акчасы менен кайтарабыз, ал эми ким кайтара албай, уурдаганын жеп койгон болсо ал түрмөгө кетет

«Урматтуу депутаттар, мен бир аз толкунданат окшойм. 9 жылдан бери бул имаратка кирип, жыйында отура элек экенмин. Ал эми коррупция маселелери боюнча Садыр Нуркожоевич бийликке келгенге чейинки бардык иштер көтөрүлөт. Ким мамлекетке зыян келтирген болсо, кызматына, кимге жакын экенине карабастан ар бирин жоопко тартабыз.

Бул жерде өтө көп мамлекеттик чоң кызматкерлер бар. Азыр танспорт министрлигинин иши боюнча 3-4 чоң иш каралып жатат. Энергетика боюнча, тундүк-түштүк альтернативдүү жолу боюнча коррупциялык иштерди карайбыз. Ким уурдаса мамлекетке мүлкү же акчасы менен кайтарабыз, ал эми ким кайтара албай, уурдаганын жеп койгон болсо ал түрмөгө кетет», — деди Ташиев.