Тазабек Икрамов: Өтпөй калган мыйзамдарымды аягына чыгаруу үчүн кайра шайлоого баргым келет | Эркиндик Медиа

Тазабек Икрамов: Өтпөй калган мыйзамдарымды аягына чыгаруу үчүн кайра шайлоого баргым келет

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов журналист Канышай Мамыркулованын студиясында түз эфирде маек берүүдө.

Анын жүрүшүндө, эл өкүлү дайыма спорт менен машыгып жүрөөрүн айтты.
“Спор менин эң жакын досум, спортто тазалык бар. Жаштарды дайыма спорт менен машыгууга чакырам”, – дейт Икрамов.
Анын айтымында, 6-чакырылышында 15 мыйзам долбоорун жазып өткөргөн. Андан сырткары өтпөй калган да ондогон мыйзамы бар экенин билдирди.
“Менин өтпөй калган бир топ мыйзамдарым бар, ошолорду аягына чыгаруу үчүн кайра шайлоого баргым келет”, – деди Икрамов.