Тазабек Икрамов: Ырга жакын адамдын пейили да тазарат | Эркиндик Медиа

Тазабек Икрамов: Ырга жакын адамдын пейили да тазарат

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамовдун досунун уулунун тоюнда ырдаган видеосу соц-желеде талкууга түштү.

 Анда – “Тазабек мырзанын жан дүйнөсү таза адам” , “Депутат тойдо ырдаса болбойбу?”, “Кээ бир ырчыларга салыштырмалуу жакшы ырдайт экен”, “Үнү таза, эркекче экен”-деген комментарийлер жазылганын окууга болот.

Ал ырдап жаткан кезде тойдогу коноктордун чыгып, кыстырма да  беришкен.

Видео тууралуу депутат: “Ооба, кечээ досум уулун үйлөдү.

Жакшы тилегимди айтып, ыр десте катары чыгып ырдадым. Мен ырга жакын адаммын. Музыка бул-жан дүйнө азыгы да. Ырга жакын адамдын пейили да тазарат”, – деп жооп берген.