Тажикстандын президенти коронавирусту жеңишкенин жар салды
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон коронавирусту толугу менен жеңишкенин билдирди.
«Азыр Тажикстанда коронавирус жок, ал толугу менен жок кылынды», – деди президент парламентке болгон кайрылуусунда.
Ошондой эле Рахмон жеке жана коомдук гигиенанын эрежелерин унутпоого чакырды.
«Коронавирус пандемиясы менен күрөшүү үчүн ооруканаларда жаңы 7 миңден ашуун орун даярдалган. Коронавирус жуктурган адамдарды дарылоого 5400 медицина кызматкери тартылган», – деди ал.
Тажикстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги билдиргендей, өлкөдө соңку 15 күндөн бери коронавирус жуктурган адамдар катталган жок.