Текебаев менен Молдокматов «жашыруун» жолугуп эмнени талкуулашкан? | Эркиндик Медиа

Текебаев менен Молдокматов «жашыруун» жолугуп эмнени талкуулашкан?

Социалдык түйүндөрдө саясатчы Жеңиш Молдокматов менен “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин “жашыруун” жолугушуусу деген сүрөт жарыяланды.

Анда Өмүрбек Текебаев менен Жеңиш Молдокматов чай үстүндө сүйлөшүп отурганы чагылдырылат. Дагы бир сүрөттө Өмүрбек Текебаев дагы башка адам менен отурат.

Жеңиш Молдокматов саясатчылар, журналисттер менен дайыма жолугуп турарын, бул кылмыш эмес экенин Фейсбук баракчасына жазды.

“Мен С.Жапаров, А.Мадумаров, К.Асанов ж.б. көптөгөн саясатчылар менен дагы жолуккам. Аны дагы чыгарсаңар болот. Жашыруун эч нерсе жок. Мындан кийин дагы көп жолугушуулар өтөт.
Артыбыздан киши салдырып, аңдып убара болбогула биз дайыма ачыкпыз…”, — дейт Жеңиш Молдокматов.