Темир Сариев: Финполду Мамлекеттик салык кызматына кошуш керек | Эркиндик Медиа

Темир Сариев: Финполду Мамлекеттик салык кызматына кошуш керек

Өкмөттүн эффективдүү иштей турганы жана кыскарышы шайлоо алдына эле айтылган. Бул тууралуу мурдагы премьер-министр Темир Сариев «Азаттыктын» түз эфиринде билдирди.

Ал өкмөттүн кыскарышында мүчүлүштүктөр бар деген оюн айтты.

«Министрликтерди бириктирүү боюнча, менин түшүнгөнүм боюнча биригүү болот бирок, кыскарбайт дешти. Бул туура эмес. Бир өкмөт мүчөсү ашыкча болсо эч нерсе болмок эмес. Эгерде, функционалдык өзгөртүүлөргө барабыз, алдына милдеттенмелерди коебуз, ошонун негизинде министрликтин кызмат көрсөтүү багыты жогорулайт деп айтышса болмок. Мисалы, Финансы полициясын Салык кызматынын астына алып барыш керек, ИИМге эч качан бербеш керек. Салык кызматынын алдында эффективдүүлүгү артмак», – дейт Сариев.