Темирлан Султанбеков: “Садыр Жапаровго кеңешчи катары акысыз иштеп берүүгө даярмын” | Эркиндик Медиа

Темирлан Султанбеков: “Садыр Жапаровго кеңешчи катары акысыз иштеп берүүгө даярмын”

Темирлан Султанбеков Садыр Нургожоевичге кеңешчи катары акысыз иштеп берүүгө даяр экенин айтып, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровго ачык кайрылуу жасады.

Төмөндө Темирлан Султанбековдун кайрылуусу эч өзгөрүүсүз берилет:

Урматтуу Садыр Нургожоевич!

Сиз менен болгон жолугушууда белгилегендей, камактан бошотулганыңызга жана өлкөнүн саясий системасында маанилүү орундагылардын бири экениңизге абдан кубанычтамын.

Сиздин тарапташтар, Сиздин улуу агаңыз Сабыр байке, инилериңиз билишет, Сиз камактан бошотулганга чейин биз күчүбүздү бириктирип, өлкөбүздөгү үй-бүлөлүк-кландык режимди жоюу үчүн чогуу аракеттенгенбиз.

Эл менен жолугушууларда бийликтен Сизди бошотууну талап кылып келгем, себеби, Сиз элибиздин кызыкчылыгы үчүн кызмат кылаарыңызды билгем.

Урматтуу Садыр Нургожоевич!

Сиз менен жолукканда, баарын жакшы жакка өзгөртүүгө умтулуу бар экенин көрдүм, бирок, падышага жол көрсөткөндөр жолдон адаштырат дегендей, соңку күндөрдө Сизди күмөндүү репутациясы бар адамдар тегеректеп жүрүшөт.
Талант Мамытов Икрам Илмиянов же Төрөбай Зулпукаров сыяктуу болуп калды. Ошол эле учурда айта кетүү керек, Талант Мамытов – шайлоодо добуш сатып алуу жана жарандарды массалык ташып келүү менен алектенген  “Кыргызстан” партиясынын тизмесинде экинчи орунда болгон. “Кыргызстан” партиясы боюнча – БШКга каттоого кечигип калганда жана ыйгарым укуктуу өкүлдү эмес, башка адамды жибергенде чыр тутанганда дал ушул Талант Мамытов өлкөдөгү мыйзамдар менен күрөшкөн, ошондо соттор эл тарапта эмес, Талант Мамытов жана анын “Кыргызстан” партиясы тарабында болгон.

Депутат Акылбек Жапаров Сиздин кеңешчиңиз болуп калды. Ага карата 268 миллион сом боюнча козголгон кылмыш иши ушул кезге чейин жабыла элек, үч жылдан бери тергөө иштин материалдарын жашырып-жаап, аягына чыгарбай келет. “Мекеним Кыргызстан” партиясынан талапкер Акылбек Жапаров кандай саясатчы жана кандай адам экенин баарыбыз билебиз.

Курманкул Зулушев Сооронбай Шариповичтин президент болуп турган убагында анын орун басарларынын бири болгон, ал парламенттик шайлоодон кийин Конституцияны Жээнбековдун пайдасына өзгөртүү боюнча референдумду демилгелеген.

Бул айсбергдин чокусу гана, бирок, калыстык үчүн айта кетсем: Тилек Токтогазиев — Айыл чарба министри, Алмазбек Бейшеналиев — Билим берүү министри болду, бирок булар мамлекеттин стратегиясына эч кандай таасир эткен органдар эмес.

Урматтуу Садыр Нургожоевич! Сиздин кеңешчиңиз ким жана маалыматтык саясат, мыйзам ченемдик укуктук актылардын сакталышы үчүн ким жооптуу экендигин билбейм, бирок ушул тармактарга көңүл буруңуз.

4-октябрь түнү биз биринчилерден болуп нааразычылык акциясын баштадык, 5-октябрда саат 10до сиздин «Мекенчил» партияңыз бизге келип кошулушту. Элдик революция дал ушундай башталган.

Сооронбай Шарипович мен жана мен сыяктуу адамдар анын жакын достору болгонубузду түшүндү, анткени биз ар дайым чындыкты сүйлөйбүз, бул албетте эч кимге жакпайт жана кабыл алуу кыйын, бирок бул пайдага гана чечилет.

Жээнбеков кеткенден кийин, мен ал жөнүндө жаман сөздөрдү айткан жокмун жана айтпайм дагы. Ал жана анын ишмердүүлүгү өттү.

Бирок мен ар дайым азыркы учур жөнүндө сүйлөшүп, сунуштарымды сунуштайм! Урматтуу Садыр Нургожоевич, биздин өлкөдөгү кырдаалды көрүп, бүгүн сизге жардам берүү максатында Акылбек Жапаров, Талант Мамытов жана башка кеңешчилериңиз тууралуу альтернативдүү ой-пикирлериңиз болушу үчүн, өзүмдү сиздин кеңешчиңиз катары көрсөткүм келет. Мен айлыксыз, кызматтык унаасыз жана башка ушул сыяктуу нерселерсиз акысыз иштөөгө даярмын.
Бир гана шарт, мен сизге бардыгы жакшы деп айта албайм, мен чындыкты айтып, бизге каршы келе турган чечимдерди сунушташым керек болот, бирок коомдун жана мыйзамдардын кызыкчылыгына каршы келбейт деп ишенем, ошондуктан мен өз иш-аракеттеримди ачык-айкын жүргүзүп элге ачык жана так маалымат берип турам.

Урматым менен, Темирлан Султанбеков.