Тилек Токтогазиев өкмөт башчы кызматына умтулуп жатат | Эркиндик Медиа

Тилек Токтогазиев өкмөт башчы кызматына умтулуп жатат

6-октябрда түзүлгөн Элдик координациялык кеңеш Тилек Токтогазиевди премьер-министр кызматына көрсөткөн.

«Ата Мекен», «Чоң Казат», «Реформа» партияларынын өкүлдөрү өкмөт үйүнө барышты. Ал жерде «Ата Мекендин» талапкери Тилек Токтогазиев өкмөт башчылык кызматты аркалоо максатын айтып жатат. Ал депутаттыкка барбай турганын, өлкөдөгү кырдаалды жөнгө салуу жоопкерчилигин алууга даяр экенин билдирүүдө.

Өзүн өкмөттүк аппараттын башчысынын милдетин аткаруучусумун деп тааныштырган Элдар Аттокуров чогулгандарды тынчтанууга чакырды. Ошондой эле люстрация болушун, өлкө оор абалда тургандыктан бир чечимге келүү керектигин айткандар болду.

Өкмөт үйүндө отургандар арасында депутаттар Жанар Акаев, Элвира Сурабалдиевалар да бар.

Жанар Акаев мамлекеттик мекемелерди басып алууну токтотууну, милицияга кол салбоону, депутаттарга тийбөөнү өтүндү.

7-октябрда «Ала-Тоо» аянтында болгон митингде «Ата Мекен», «Замандаш», «Реформа», «Бир Бол» партияларынын өкүлдөрү чыгып сөз сүйлөшкөн.

Саясатчы Өмүрбек Бабанов чыкканда жаштар ага сөз берген жок. Чогулгандар эски саясатчылар толук кетип, жаңы жүздөр келүүсүн талап кылышты.