Тилек Токтогазиев министрликтен кеткенден кийин эмне менен алек болорун айтты | Эркиндик Медиа

Тилек Токтогазиев министрликтен кеткенден кийин эмне менен алек болорун айтты

Бүгүн, 3-февралда Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев 100 күндүн ичинде жасаган иштери тууралуу маалымат жыйын берүүдө.

Анда журналисттер министрге анын жаңы өкмөттүн курамында жок экендиги тагыраагы министрликти өткөрүп берүү тууралуу оюн сурашты.Тилек Токтогазиев жаңы министр менен буга чейин иштешип жүргөнүн айтып, президенттин чечимин сыйлаарын билдирди.

“Бул саясий чечим, эми кандай болот аны убакыт көрсөтөт. Мен Аскар Жээнбеков байкебизди тааныйм. Ал киши дагы биз башкарып кеткен реформаны улантып кетет деген үмүттөмүн. Ал киши биздин команданын өнөктөшү катары иштешип калдык. Документтерди биз аткарган ишти толугу менен өткөрүп бергенге даярбыз. Президенттин чечимин дагы сыйлай билиш керек. Мен жаңы министрге ийгилик гана каалайм, иштешүүгө даярмын.

Айыл чарба министрлиги боюнча алардын бекиткен программасы туура деп эсептейм. Мисалы башка министрликтер биригип кеткенин байкап жатабыз. Ал эми дал ушул айыл чарба министрликтин кеңейтилиши бул жакшы нерсе. Мен биз дагы салым коштук деп ойлойм”, – деди ал.

Ошондой эле ал мындан ары эмне менен алек боло турган планын айтып, үй бүлөгө убакыт бөлүүгө, балдары менен эс алууга арнай турганын кошумчалады.