УКМК Сооронбай Жээнбековдун кудасынын изине түштү. Жакында камалабы? | Эркиндик Медиа

УКМК Сооронбай Жээнбековдун кудасынын изине түштү. Жакында камалабы?

 

УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы депутат Алиярбек Абжалиевдин мыыйзамсыз байыганын тастыктады. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка таянсак, Абжалиев ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков менен туугандык мамилесинен пайдаланып, мамлекеттик органдардын ишине кийлигишкен.

“Ал мамлекетке зыян келтирип, өзүнө таандык ишканалардын кызыкчылыгына иштеген. Андан сырткары декларациясында мүлктөрүн да көрсөткөн эмес. Мисалы 20дан ашуун батир, Бишкектин VIP шаарындагы жер үйүн, жер тилкелерин Ысык-Көлдөгү жана Чүй облусундагы пансионаттарын, Түркиядагы жана Араб Эмираттарындагы кыймылсыз мүлктөрүн декларациялабаган”, – деп айтылат маалыматта.

 

Андан сырткары, Алиярбек Абжалиев курулуш компанияларынын бирине көп кабаттуу үй куруу үчүн, Кайыңды кабель заводуна, таш көмүр жана алтын чыккан кендерге инвестиция салган.

УКМК тарабынан анын башка мүлктөрүн аныктоо боюнча иштер жүрүп жатат.