Укук коргоочулар: Россияда 3 миңден ашуун адам кармалды | Эркиндик Медиа

Укук коргоочулар: Россияда 3 миңден ашуун адам кармалды

  Россиянын айрым шаарларында өткөн оппозиционер Алексей Навальныйды колдоо митингдеринде 3 миңден ашуун адам кармалды.

Укук коргоочулар билдиргендей, кечээ, 23-январда саат 23:43кө карата өлкө боюнча 3068 жаран кармалган. Алардын көбү Москва шаарында — 1167 адам. Андан кийин Санкт-Петербург турат — 466 адамНовосибирскте да көп адам кармалган — 96.

Балдар омбудсмени Анна Кузнецова кармалгандардын арасында 300дөн ашуун жашы жете элек балдар бар экенин билдирди.