Улукбек Марипов: 5600 сом менен бир ай жашаса болот, бирок абдан кыйын | Эркиндик Медиа

Улукбек Марипов: 5600 сом менен бир ай жашаса болот, бирок абдан кыйын

Депутат Дастан Бекешев Улукбек Мариповдон: “Кыргызстанда 5 миң 600 сомго бир ай жашаса болобу ?”-деп суроо узаткан. Күтүүсүз суроого Марипов бул суммадагы каражатка жашоого болорун бирок бир аз кыйынчылыкта экенин айтып:

“Чынын айтсам, мен сиздин суроону түшүнүп жатам. Сиз керектөө куржуну жана жашоо наркы жөнүндө айтып жатасызбы?”-деп жообунун аягын суроого айланткан.

Эл өкүлү эмне үчүн өкмөттүн токтомунда мынча аз сумма менен жашай аласыңар деп каралганын кайра сураганда Улукбек Марипов: «Бул үмүтсүздүк, маселени карайбыз» деп жооп берди.