Улукбек Марипов: “Айымдар эркектерге караганда тазарак иштейт деген ой бар” | Эркиндик Медиа

Улукбек Марипов: “Айымдар эркектерге караганда тазарак иштейт деген ой бар”

Бүгүн, 2-февралда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында Улукбек Марипов жетектеген өкмөттүн жаңы курамы каралып жатат.

Анда Марипов Транспорт, архитектура жана коммуникациялар министрлигине сунушталып жаткан Гүлмира Абдралиева сөз кылды.

“Биз кайсы принцип менен тандадык? Кечээ айтып кеткендей, таза иштөө, кесипкөйлүк жагы. тажрыйбасы. Гүлмира Абдралиеванын санариптештирүү, транспорт, курулуш боюнча тажрыйбасы бар. Бул жерде бир топ өзгөрүүлөр болот. Менеджер катары иштесе айымдар колдойт. Айымдар эркектерге караганда тазарак иштейт деген ой бар”, – деди ал.