Валентина Шевченко КМШ өлкөлөрүнүн ММА мушкерлеринин эң алдыңкы сабына чыкты | Эркиндик Медиа

Валентина Шевченко КМШ өлкөлөрүнүн ММА мушкерлеринин эң алдыңкы сабына чыкты

“TurStat” порталы КМШдагы мыкты ММА спортчусу ким экендиги жөнүндө онлайн сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча КМШ мамлекеттериндеги аралаш мушташ (ММА) боюнча мыкты аялдардын тизмесин сунуштады.

КМШдагы ММА мушкерлеринин топ-ондугу төмөндөгүдөй:
– Валентина Шевченко (Кыргызстан);
– Лиана Джожуа (Грузия);
– Анастасия Янкова (Россия);
– Мария Агапова (Казакстан);
– Яна Куницкая (Россия);
– Александра Альбу (Молдова);
– Антонина Шевченко ( Кыргызстан);
– Лилия Казак (Беларуссия);
– Лилия Шакирова (Өзбекстан);
– Ирина Алексеева (Россия).

Валентина Шевченко үчүн Россиянын жана КМШнын мыкты ММА мушкери катары 25% добуш берилген, Лиана Джоджуа – 18%, Янкова – 13%, Агапова – 9%, Куницкая – 8%, Альба – 7%, Антонина үчүн Шевченко – 6%, Лилия Джожуа үчүн – 6%, Шакирова үчүн – 4% жана Алексеева үчүн – 3%.

Валентина Шевченко 2018-жылдын декабрь айында UFCнын жеңил салмактагы чемпиону болгон жана андан кийин үч жолу титулун коргогон.