ВИДЕО – 12 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы катталды | Эркиндик Медиа

ВИДЕО – 12 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы катталды

Самара облусунда үч унаа катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу орус басылмалары жазышууда.

Маалыматка ылайык, Daf үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа, кичи автобус жана НИВА үлгүсүндөгү унаалар кагылышкан.

Маалым болгондой, жол кырсыгынан 12 адам каза болуп, 10 адам ооруканага жеткирилген. Алардын сегизинин абалы өтө оор.

Аймактык ӨКМ кызматкерлери жабыркагандарга тик учак менен жардам көрсөтүү үчүн келген. Тасмадан кичи автобустун такыр эле майдаланып калганын көрүүгө болот.