ВИДЕО – Артем Новиков: “Менде эч качан жеке амбиция болгон эмес, айрыкча премьер-министр кызматына барууну көздөгөн эмесмин” | Эркиндик Медиа

ВИДЕО – Артем Новиков: “Менде эч качан жеке амбиция болгон эмес, айрыкча премьер-министр кызматына барууну көздөгөн эмесмин”

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Артем Новиков социалдык тармактагы жеке баракчасы аркылуу видео кайрылуу жасап, Өкмөттүн жаңы курамына кирбей калган Элвира Сурабалдиева, Максат Мамытканов, Нуржигит Кадырбеков жана Тилек Токтогазиевге ыраазычылыгын билдирди.

“Менде эч качан жеке амбиция болгон эмес, айрыкча премьер-министр кызматына барууну көздөгөн эмесмин. Биз өлкөнүн келечеги үчүн иштедик”,- дейт Артем Новиков.

Ал ошондой эле жаңы дайындалган премьер-министр Улукбек Марипов долбоорлорун ишке ашыруу үчүн, ага мүмкүнчүлүк берүү керектигин белгиледи.