ВИДЕО- Ата-энелер мектепти ачуу талабы менен митингге чыгышты | Эркиндик Медиа

ВИДЕО- Ата-энелер мектепти ачуу талабы менен митингге чыгышты

Бишкек шаарында ата-энелер мэриянын алдына митингге чыгышты. Алар мектепти мурункудай калыпта иштешин талап кылышууда.
Митингге чыккан жыйырмага чукул ата-эне менен вице мэр Айжан Чыныбаева жогулуп, ата-энелердин эмне себептен жеке менчик бала бакча жана мектептер иштеп мамлекетке караштуулар токтоп турганына жооп берди. Ал мамлекеттик бала бакча мектептерде балдадын саны көп болгондуктан коронавирус тарап кетүү коркунучу бар экенин билдирди.
«Биз буга чейин 1-февралда мектептерди толук ачууну пландаганбыз. Тилекке каршы, үйүндө коронавирус менен ооруган балдарды мектептен табылды. Алар өздөрүнүн классташтарына, мугалимдерине ооруну жугузуп жатпайбы. Коронавирус аныкталган мектептин атын атабай эле койгонум оң», — деди Чыныбаева. Ал эми мектептин кийинки маселесин кабинеттен талкуулого ата-энелерди чакырды.