ВИДЕО – Атасы эки кичинекей баласын катуу сабап жатканда энеси видеого тарткан | Эркиндик Медиа

ВИДЕО – Атасы эки кичинекей баласын катуу сабап жатканда энеси видеого тарткан

Социалдык тармактарда эркек киши үйүнө жаңы кирип келе жаткан кыз менен баланы кезектеп кармап алып, полго ыргытып, тепкилеген видеотасма тараган.

“Бул бактысыз үй-бүлөнү табышыбыз керек. Балким, кимдир бирөө бул тасмадагы кошуналарын тааныйт. Алар Темир жолдон алыс эмес жерде жашашат. Видеону эне тарткан, бирок ал полицияга баруудан коркот. Анткени күйөөсү бүт үй-бүлөсүн коркутуп жүрөт”,-деп билдирүүнүн автору жазган.

Орус басылмаларынын маалыматына ылайык, окуя 27-январь күнү Омск шаарында болгон. Учурда тергөөчүлөр балдарын кыйнаган деп шектелген 45 жаштагы Омск шаарынын тургунуна 5 жашар бала менен 8 жаштагы кызын ур-токмокко алганы үчүн кылмыш ишин козгогон.

Облустук Тергөө комитетинин басма сөз кызматы билдиргендей, эркек адам видеотасма коомчулукка жарыялангандан эки саат өткөндөн кийин табылган.