ВИДЕО – Аялы 5 баласы менен күйөөсүн чанып, башка эрге тийип кеткен | Эркиндик Медиа

ВИДЕО – Аялы 5 баласы менен күйөөсүн чанып, башка эрге тийип кеткен

Журналист жана блоггер Адыл Акжол уулу 5 баланын атасы Максатбекке элден чогулган 132 миң сом акча каражатын тапшырып берди. Бул тууралуу ал өзүнүн Ютуб каналына видеотасма жарыялады.

Маалым болгондой, 32 жаштагы Максатбектин жубайы таштап кеткендиктен 5 баланы жалгыз багат. Ошондой эле ал ден соолугунан жабыркап келет. Максатбектин сөөгүнөн рак болгон, айыкса болот. Андан сырткары жамбашы да чирип кеткени айтылат.