ВИДЕО – “Азаттык” радиосу Садыр Жапаровду мазактаганы үчүн кечирим сурады | Эркиндик Медиа

ВИДЕО – “Азаттык” радиосу Садыр Жапаровду мазактаганы үчүн кечирим сурады

Бүгун, 28-январда Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун инагурациясын “Азаттык” радиосу түз чагылдырып жатып кадр үстүнөн кыйкырык үндөрдү чогуу чыгарып, шылдыңдоо кылды. Мындай жорукту социалдык байланыш тармагында колдонуучулар нааразы болуп талкууга алышты.

 

Көп өтпөй  “Азаттык” радиосу кечирим сурап чыкты:

“Азаттык” радиосу президенттин инаугурациясын түз эфирде чагылдыруу маалында кеткен техникалык мүчүлүштүк үчүн кечирим сурайт. Мындай мүчүлүштүккө эфирди компьютер аркылуу социалдык платформаларга чыгарган техникалык кызматкердин катачылыгы, тактап айтканда берүү кетип жатканда кызматкердин башка интернет-баракчаларын байкабастан ачып жибергени себеп болду. Бул катачылык үчүн эки кызматкерге сөгүш берилди.

«Азаттык» радиосу Кыргызстандын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын «YouTube» порталындагы түз эфирди алып көрсөтүп жаткан. Бул ирет ант берүү аземин түз чагылдыруу укугу Коомдук телеканалга берилген”.

Бүгүн президент Садыр Жапаров ант берип, президенттик кызматка расмий киришти.