ВИДЕО- Балыкчыда муз үстүндө бара жаткан унаа көлгө кирип кетти | Эркиндик Медиа

ВИДЕО- Балыкчыда муз үстүндө бара жаткан унаа көлгө кирип кетти

Балыкчы шаарында муз үстүндө бара жаткан «Мицубиси Пажеро» унаасы көлгө кирип кетти, деп билдирди күбө.

Анын айтымында, окуя бир нече күн мурда болгон.

«Унаа 3 адам менен көлдүн үстүндөгү музда бара жаткан. Андан кийин муз жарылып кеткен. ӨКМдин кызматкерлерин чакырдык, бирок унаа алар келгенче көлдүн түбүнө кирип кетти. Бардык жүргүнчүлөр аман, унааны чыгардык», – деп жазган күбө.