ВИДЕО – Баткенде фура кырсыкка кабылып, эки кызды буту бетондун астында калды | Эркиндик Медиа

ВИДЕО – Баткенде фура кырсыкка кабылып, эки кызды буту бетондун астында калды

Баткен облусунун Кадамжай шаарынан чыга беришиндее фура бурула албай, жол жээгиндеги бетонду сүзгөн.
Мындан улам эки окуучу кыздын буту бетондун астында калды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалардын бири күбөгө таянуу менен билдирди.
Маалым болгондой, жол кырсык бүгүн болду.
“Кыргыздын жигиттери, азаматтары бар болушсун, кыздарга жапа тырмак болуп жардам берип чыгарып алышты. Жүк ташуучу унаалар шаардын ичин аралабай койсо жакшы болмок”,- деди күбө.