ВИДЕО- Бишкекте Камчыбек Жолдошбаев жол кырсыгына кабылды | Эркиндик Медиа

ВИДЕО- Бишкекте Камчыбек Жолдошбаев жол кырсыгына кабылды

2021-жылдын 28-январь күнү саат болжол менен 10:05 чамасында Бишкек ШИИББнын “102” кызматына Темирязов жана Чокморов көчөлөрүнүн кесилишинен жол кырсыгы катталды деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматкерлери барган учурда 1991-жылы туулган И.А. аттуу айдоочунун башкаруусундагы “Лексус 570” үлгүсүндөгү автоунаа Чокморов көчөсү менен чыгыш багытка бара жатып, Темирязов көчөсүнөн жаран К.Э.нин башкаруусундагы “Мерседес” үлгүсүндөгү автоунааны жолдун тайгалагынын кесепетинен сүзгөн. Андан соң жол жээгинде токтоп турган Б.А.аттуу айдоочуга тиешелүү “Хонда Акорд” үлгүсүндөгү автоунаага да тийип, андан ары кетип калган. Бир нече убакыттан кийин “Лексус 570” үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу И.А. кайра келип, өзү жол кырсыгы тууралуу “102” кызматына кабарлагандыгы аныкталган. Жол кырсыгынан жаракат алган адамдар жок.
Азыркы учурда үч автоунаа тең айып пул төлөөчү жайга токтотулуп, жол кырсыгынын келип чыгуу себептери такталууда. Топтолгон материалдар Бишкек ШИИББдин Тергөө кызматына мындан ары иликтөөлөрү үчүн жөнөтүлдү.

Ошондой эле Эркиндик Медиага аталган кызматтан жол кырсыгына туш болгондордун бири депутат Камчыбек Жолдошбаев экендигин маалымдашты.

Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы.