ВИДЕО- Бишкекте унаа күйүп кетти | Эркиндик Медиа

ВИДЕО- Бишкекте унаа күйүп кетти

Бүгүн, 23-январда Бишкек шаарындагы Донецк көчөсүндө бир унаа толугу менен күйүп кетти. Маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы тастыктады.

Жол жээгинде токтоп турган Фольксваген Пассат үлгүсүндөгү унаа саат 11:25 чамасында күйүп кетти. Саат 11: 30га карата өрт өчүрүү кызматы келип, өрттү чектөөгө алган.