ВИДЕО – Гүлшайыр Садыбакасова маркум уулу Эркиндин акыркы белегин алды | Эркиндик Медиа

ВИДЕО – Гүлшайыр Садыбакасова маркум уулу Эркиндин акыркы белегин алды

Кыргыз Республикасынын Эл артисти, легендарлуу “Кыз-Бурак” тобунун негиздөөчүсү Гүлшайыр Садыбакасова жалгыз уулу Эркин ага акыркы белек катары “Мама” аттуу ыр жаздырып калтырганын айтат:

2020-жыл 25-август. Мен үчүн каргашалуу күн катары тубөлүк эсимде калды… Бул күнү жалгыз уулум, Эркинтайымдан ажырадым… Ыйга, мунга, күйүткө, арманга, сагынычка, кусалыкка толгон азаптуу күндөр зыпылдап өтүп,баламдын 40 күндүгүн да өткөрдүк…

Башыбызга азап жана кайгы-муң түшкөн оор күндөрдө аза-кайгымды, күйүтүмдү бөлүшүп, жылуу сөздөрү менен бүгүлгөн кайратымды тиреп, жоготкон күчүмдү ширеп, кулаган кубатымды жөлөп, кайрылган канатымды сүйөп, уулумдун рухуна бата-дубаларын берип турган калдайган кыргыз калкыма чын жүрөгүмдөн ыраазычылык билдиремин!

Уулум Эркинди Аллахым өз рахматына алып, акыретин абат кылып, бейиштин багын насип кылсын! Эркиним төрөлгөндөн тартып табиятынан маданияттуу, тарбиялуу, акылдуу, билимдүү, жөнөкөй, кичи пейил, адамгерчиликтүү, боорукер болуп чоңойду. Садага болойунум, Сайкал экөөбуз сени чексиз жакшы көрөбуз!
Кош бол уулум, Кудай буюрса акыретте жолугушабыз!

Ушул “МАМА” аттуу ырды Эркинтайым каза болоорунан 2 жума мурда мага арнап жаздырган экен, көзү өткөндөн кийин мага жөнөтүштү. Эркинтайымдын мага калтырган акыркы ыр белеги…

Кагылайын каралдым, мен сендей мыкты балага апа болгонума ыраазымын, сен да мага ыраазы бол!”.

View this post on Instagram

2020-жыл 25-август.Мен үчүн каргашалуу күн катары тубөлүк эсимде калды… Бул күнү жалгыз уулум, Эркинтайымдан ажырадым…😭😭😭 Ыйга, мунга,күйүткө, арманга, сагынычка, кусалыкка толгон азаптуу күндөр зыпылдап өтүп,баламдын 40 күндүгүн да өткөрдүк…. Башыбызга азап жана кайгы муң түшкөн оор күндөрдө аза-кайгымды, күйүтүмдү бөлүшүп,жылуу сөздөрү менен бүгүлгөн кайратымды тиреп,жоготкон күчүмдү ширеп, кулаган кубатымды жөлөп,кайрылган канатымды сүйөп,уулумдун рухуна батаа-дубаларын берип турган калдайган кыргыз калкыма чын жүрөгүмдөн ыраазычылык билдиремин.!🙏🏼🙏🏼🙏🏼 Уулум Эркинди Аллахым өз рахматына алып, акыретин абат кылып,бейиштин багын насип кылсын!🙏🏼🙏🏼🙏🏼Эркиним төрөлгөндөн тартып табиятынан маданияттуу,тарбиялуу,акылдуу,билимдүү,жөнөкөй,кичи пейил,адамгерчиликтүү,боорукер болуп чоңойду.Садага болойунум,Сайкал экөөбуз сени чексиз жакшы көрөбуз! Кош бол уулум,кудай буйруса акыретте жолугушабыз.!🙏🏼🙏🏼🙏🏼 Ушул “МАМА” аттуу ырды Эркинтайым каза болоорунан 2 жума мурда мага арнап жаздырган экен,😭 көзу өткөндөн кийин мага жөнөтүштү.Эркинтайымдын мага калтырган акыркы ыр белеги…😭😭😭 Кагылайын каралдым,мен сендей мыкты балага апа болгонума ыраазымын,сенда мага ыраазы бол!🙏🏼🙏🏼🙏🏼

A post shared by Кыргыз.Респ.Эл артисти. (@gulshayir_sadybakasova) on