ВИДЕО – Илим Карыпбеков: “Мирлан Канатбекович, сиз накта калпычы экенсиз!” | Эркиндик Медиа

ВИДЕО – Илим Карыпбеков: “Мирлан Канатбекович, сиз накта калпычы экенсиз!”

КТРКнын мурдагы директору Илим Карыпбеков депутат Мирлан Жээнчороевге кайрылып, калпычы деди:

“Мен сизди так, чынчыл депутат экен деп ойлоп жүргөм, бирок катуу жаңылыптырмын! Мына, сиз айтып жатасыз “80% кошоматчылар” деп.  Карандай калп, кызылдай калп! Эл аралык иликтөө, изилдөө, ушактоо, имиштөөлөр боюнча болгону 79.5% эле кошоматчы экен! Анча мынча % таза кошоматчы эмес, а коркок-кошоматчы деген категооияга кирет экен. Ошондуктан бул бир калпыңыз!

Эми экинчи калпыңыз. Мына, эл келип көңтөрүп жатканда биринчилерден болуп качып жүрөсүңөр деп айттыңыз. Бул сөзүңүздү жокко чыгарыш оңой эле.  120 депутаттын 111-ри курсактуулар, где-то каждый курсак от 7 до 30-ти кг весит. Прошу учесть, только курсак! Никак при всём желании биринчилерден болуп кача алышпайт экен да! Просто никак! Вот где-то 18-чи, 36-чы болуп качышы мүмкүн, бирок биринчиликти аппараттын жаш, сулуу, зыңкыйган балдар кыздарынан талашпай эле жүрүңүзчү макулбу?

Такы калпычы экенсиз! Эмкиде так сүйлөгөнгө аракет кылып жүрүңүз”.

ВИДЕО – https://www.facebook.com/716033015/videos/10157943259368016/