Социалдык тармактарда Бишкектеги «Империя пиццы» караокесинде тартылган видео тарады. Видеодо кардар кыргыз тилинде ырдоону каалап жатканын айткан. Бирок жаранга ишкананын администратору бул жерде кыргыз тилинде ырдоого болборун, ишкананын шарты ушундай экендигин билдирген.