ВИДЕО- Кадамжайлык тургун: Кыргызстандан Өзбекстанга мыйзамсыз түрдө газ сатылат деген ушак чындык! | Эркиндик Медиа

ВИДЕО- Кадамжайлык тургун: Кыргызстандан Өзбекстанга мыйзамсыз түрдө газ сатылат деген ушак чындык!

Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл өкмөтүнөн туура Өзбекстанды көздөй узаган чоң трубалардан Кыргызстандын газы Өзбекстанга сатылат. Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы Алчыбай Туралиев Өзбекстанга газ сатат деген ушактар – чындык! Бул тууралуу аталган айыл өкмөтүнүн тургуну Фейсбук тармагына жүктөгөн видеосунда билдирген.

Анын айтымына караганда айыл башчысы Алчыбай Туралиев менен иниси Алмаз Имаров 2010-жылдан бери бийликке пара берүү жолу менен, мыйзамсыз түрдө Өзбекстанга карай трубаларды орнотуп, газ сатып келет. Атыгүл, газ гана эмес кат-кат жайгашкан трубалар аркылуу мунай затын да сатышат.

Ага-инилер буга чейинки президенттердин баарын сатып алышып, жазадан качканын айткан жаран: “Эл “Садыр Нургожоевич эл үчүн иштейт, эч качан сатылбайт” деген сөздөрү чын болсо, мынакей, мыйзамсыз жүрүп жаткан иштин жери”, – деп кайрылуу жасаган.

https://www.instagram.com/p/CKMOEJtsTF8/