ВИДЕО- Казакстанда аялды өз кыздары менен күйөө баласы сабап салышкан | Эркиндик Медиа

ВИДЕО- Казакстанда аялды өз кыздары менен күйөө баласы сабап салышкан

Социалдык тармактарда колдору канга боёлуп, ыйлап олтурган аялдын видеотасмасы пайда болду.

Тасмадан көрүнүп тургандай, видеонун автору улгайган аялды өз кыздары сабаганын айтып жатканын угууга болот.

Жогорудагы окуя Казакстандын Шымкент шаарында болгон жана аны кыздары менен күйөө баласы ушундай абалга салышкан. Бул тууралуу жактоочу Эркин Кахаров билдирген.

Туугандарынын айтымында, жабырлануучу өмүр бою иштеп, кечелерге жана майрамдарга эч качан барган эмес. Балдарына сабамак тургай катуу да сүйлөгөн эмес.

Бирок кыздары чоңойгон сайын энесине кол көтөрө баштап, анын себеби үй-бүлөсү менен бөлүшө албай калган өгөй атанын үйү болгон.

https://www.facebook.com/100017639912163/videos/769731230291534/?t=10