ВИДЕО – Киши аялынан акча талап кылып, балдарын сабап салган | Эркиндик Медиа

ВИДЕО – Киши аялынан акча талап кылып, балдарын сабап салган

Өзбекстандын  Кашкадарыя облусунда бир адам өз балдарына зомбулук көрсөткөн. Окуянын видеосу буга чейин Telegram каналдарына тараган.

Видео таркатылгандан кийин ал адамдын өздүгү аныкталып, жаранды укук коргоо кызматкерлери колго түшүрүштү. Бул тууралуу аталган өлкөнүн ММКлары билдирүүшүүдө.

Учурда ага карата кылмыш иши козголду. Бул иш-аракетти эркек киши өзү “Ешлар”  кабарчылары менен маектешүү учурунда түшүндүрүүгө аракет кылган.

“Аялым 2020-жылдын 20-январында мени таштап кетти. Кийинчерээк ал Москвада жашап калган. Бир жылдан ашык убакыт өттү, мен аны кайтарып алууга аракет кылдым. Бирок, аракетимдин бардыгы текке кетти. Кийин мен мунун бардыгын видеого тартып алсам, аялым балдарга боору ооруп кайтып келет деп чечтим. Мен ушул коркунучтуу ишти жасаганыма аябай өкүнөм. Жубайымды Москвадан кайтаргым келди”, – деди жаран.