ВИДЕО- Кой-Таш окуясында “Альфанын” кызматкерлери Атамбаевдин жеке дарыгерин сабап салышкан | Эркиндик Медиа

ВИДЕО- Кой-Таш окуясында “Альфанын” кызматкерлери Атамбаевдин жеке дарыгерин сабап салышкан

Социалдык тармактарда 2019-жылдын 7-августунда, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы сарайын штурмалоо учурунда анын жеке дарыгери “Альфа” атайын кызматынын жоокерлери тарабынан сабалганы тууралуу видео тараган.

Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева социалдык тармакта видеодо ур-токмокко алынган адам экс-президенттин Эрмек аттуу жеке дарыгери болгонун билдирди.
Бирок видеодо ал киши ал жакка тамак бышырганы келгенмин деп ырастоодо. Ошондой эле, кызматкерлер бири-бири менен сүйлөшүүдө ал киши ашканадан чыкканын айтышкан.