ВИДЕО – Кум-Дөбө айылынын тургундары айылдын төрагасы менен райондук милиция кызматкерин даракка байлап кетишти | Эркиндик Медиа

ВИДЕО – Кум-Дөбө айылынын тургундары айылдын төрагасы менен райондук милиция кызматкерин даракка байлап кетишти

Кочкор районунун Кум-Дөбө айылынын тургундары айылдын төрагасы менен райондук милиция кызматкерин даракка байлап кетишти. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Алардын айтымында, айыл тургундары алар менен сүйлөшүүнү чечкенде, алар мылтык аткылай баштагандыгына айыл тургундары нааразы болушкан.

Эске сала кетсек, 5-октябрда Бишкекте шайлоонун жыйынтыгына байланыштуу башаламандык башталган. Натыйжада бир киши каза таап. 700дөн ашуун киши жаракат алды. Облустун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн дээрлик баары кызматынан кетти.