ВИДЕО – “Манас” аэропортунун кызматкерлери митингге чыгышып, президентинин кызматтан кетишин талап кылышууда | Эркиндик Медиа

ВИДЕО – “Манас” аэропортунун кызматкерлери митингге чыгышып, президентинин кызматтан кетишин талап кылышууда

“Манас” аэропортунун жанында митинг өтүп жатат. Бул тууралуу журналисттерге күч түзүмдөрүнөн билдиришти.

Каршылык акциясына аэропорттун 20га жакын кызматкери катышып жатканы такталды. Алар компаниянын президенттигине Бактыбек Сыдыковдун талапкерлигин алып салууну талап кылышты.

Митингден тартылган видео “Сейчас” телеграм-каналына жарыяланды. Митингчилердин бири Бакыт Сыдыков буга чейин аэропортто иштеген жана өзүн терс жактарын көрсөткөн деп түшүндүрдү.

Эске сала кетсек, “Манас” эл аралык аэропорту” ААКнын мурдагы президенти Мурат Примбердиев өз каалоосу менен ээлеген кызматынан кеткен. Анын ордуна Бактыбек Сыдыков дайындалган.

Бактыбек Сыдыков – “Республика-Ата Журт” партиясынан Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаты. Буга чейин ал “Манасты” башкарып келген. 2007-2010-жылдары “ЭАМ” ААКтын башкармалыгынын төрагасы болгон.

Ал президенттик аппараттын мурдагы башчысы, өлкө башчысынын мамлекеттик кеңешчиси Үсөн Сыдыковдун уулу.