ВИДЕО – Мавлян Аскарбеков: “Убагында Атамбаев жансакчы, шоопурлары менен биргеликте “Кыргызгазды” 1 долларга сатып жиберген”
“Убагында Атамбаев “Кыргызгазды” бир долларга сатып жатканда биз, көчө оппозициясы каршы чыгып, митингдерди кылып, камалып, соттолгонбуз”, – деп бүгүн, 18-январда Бишкектин Биринчи май районунун акиминин орун басары Мавлян Аскарбеков Facebook социалдык тармагындагы баракчасы аркылуу билдирди.
Ал УКМКнын жана Финполициянын төрагасына кайрылып, “Кыргызгаз” боюнча кылмыш ишин козгоону суранды.
“Бүгүн биздин балдар кара түтүнгө ууланып жатат. Себеби, убагында Атамбаев Кыргызгазды” 1 долларга сатып жиберген. 1 долларга сатып жатканда Кулмурзаевге окшогон Атамбаевдин достору, жан-жөкөрлөрү миллионер болуп кетишкен. Мунун барын иликтеп, тактап чыгыш керек”, – деди ал.
ВИДЕО – https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=10218378279913801&id=1396890130