ВИДЕО- Москвада бир нече ОМОНду муштаган чечен жараны камакка алынды | Эркиндик Медиа

ВИДЕО- Москвада бир нече ОМОНду муштаган чечен жараны камакка алынды

Москванын Пресненский соту Саид-Мухамад Джумаевди 23-мартка чейин мамлекеттик кызматкерге карата зомбулук көрсөткөн деген айып менен камакка алды деп,- билдирет “Медуза”.

Басылманын маалыматы боюнча, 2021-жылы 23-январда Москвада саясатчы Алексей Навальныйды колдогон митингде Джумаев “ОМОН жана полиция кызматкерлеринин ар кайсы жерлерине бир нече жолу муштаган жана тепкилеген”.

Тергөө комитети Джумаевге эмне үчүн кармалганын түшүнүп жатасыңбы деген суроосу бар видеотасманы жарыялады. Джумаев “полиция кызматкерине каршылык көрсөткөнүм жана качып кеткендигим үчүн кармалдым” деп жооп берет. Андан күнөөнү мойнуңа аласыңбы же жокпу деп сурашат, ага Жумаев “ооба” деп жооп берген.