ВИДЕО – Москвада кыргызстандык наристе соода борборунун эскалаторунан кулап кетти | Эркиндик Медиа

ВИДЕО – Москвада кыргызстандык наристе соода борборунун эскалаторунан кулап кетти

Москвада кыргызстандык төрт жаштагы бала соода борборунун экинчи кабатынан кулап кеткендигин Кыргызстандын Россиядагы элчилиги билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 3-мартта болжол менен күндүзгү саат 12лер чамасында болгон. Кыргызстандык Н.А. аттуу бөбөк эскалатордун экинчи кабат менен тең бийиктигинен кулап кеткен. Бала Москва шаардык саламаттык сактоо департаментинин тез жардам көрсөтүү хирургиясы жана травматология илимий изилдөө институтунун нейрохирургия бөлүмүнө жаткырылган.

5-мартта Кыргызстандын Россиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат аталган бөлүмдүн башчысы менен жолукту. Ал кулап кеткен баланы көрүп, нейрохирургиялык бөлүмдүн башчысынан бөбөктүн тезинен сакайып кетиши үчүн бардык чараларды көрүүнү өтүндү.

Мындан тышкары, элчи жабырлануучунун жакын туугандары менен жолугуп, дипломатиялык өкүлчүлүк юридикалык жардам көрсөтөрүн айткан.

Элчиликтин юристтери үй-бүлө менен тыгыз байланышта иш алып барып жатканы, бул маселе өкүлчүлүктүн көзөмөлүндө турганын белгиледи.