ВИДЕО- Садыр Жапаровдун үй-бүлөсү инаугурацияга катышты | Эркиндик Медиа

ВИДЕО- Садыр Жапаровдун үй-бүлөсү инаугурацияга катышты

Бүгүн, 28-январда Садыр Жапаров расмий түрдө президенттик кызматына киришти. Анын үй-бүлөсү президентти колдоп, иш-чарага келишти.

Биринчи катарды Жапаровдордун үй-бүлөсү ээледи. Жапаровдун жубайы Айгүл Асанбаеванын ардактуу жерде, балдары анын жанында олтурушту. Жаңы президенттин эжелери, бир туугандары жана жээндери дагы катышты.

Эске сала кетсек, инаугурация Улуттук филармонияда өттү. Мааракеге 15 миллион сом сарпталат шаардын борбору президенттин кортежи үчүн жабык болот, деп пландаштырылган. Бирок элдин нааразычылыгынан кийин, алар жолдорду жаап салуудан баш тартышып, бюджет 8,5 миллионго чейин кыскарган. Азем ЖМКларсыз өттү.

Семья Садыра Жапарова на инаугурации (фото, видео)