ВИДЕО – Самара Каримова музыкалык окуу жайдын эшигин талкалап кирди | Эркиндик Медиа

ВИДЕО – Самара Каримова музыкалык окуу жайдын эшигин талкалап кирди

Оштогу Ниязалы Борошов атындагы мамлекеттик музыкалык окуу жайынын жаңы шайланган директору, ырчы Самара Каримова окуу жайдын эшигин талкалап кирди. Бул тууралуу видеотасма социалдык тармактарга жарыяланды.

Видеого көз чаптырсак, бир нече адам телефонго тартып жатканын жана атайын кызматкерлер эшикти ачууга аракет кылып жатышканын көрүүгө болот.

“15инде чечим чыккан…”,- деп сүйлөп жаткан Каримованын үнүн угууга болот.