ВИДЕО – Сузакта шайлоодон кийин жаңжал чыгып, милиция аны териштирип жатат | Эркиндик Медиа

ВИДЕО – Сузакта шайлоодон кийин жаңжал чыгып, милиция аны териштирип жатат

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы Сузак районунда 4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин болгон жаңжалды териштирип жатат. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

4-октябрдын түнү интернетте Сузак айылынан тартылган деген видео тараган. Анда милиция менен жергиликтүү жарандардын ортосунда чыр чыкканын көрүүгө болот. Күбөлөр Сузак айылында шайлоонун жыйынтыгынан кийин талапкерди куттуктап жаткан учурда эки адамды милиция кармап кеткенин билдирип жатышат.

Алар жеңишти майрамдагандар мушташып жатат деген жалган маалымат милицияга түшкөндүктөн ушундай окуя болгонун билдиришти. Видеодогу чырга аралашкандар кайсы партиянын тарапкерлери экени айтылган жок.

View this post on Instagram

Пишут в Сузаке, вчера. Милиция расследует ситуацию, возникшую после выборов в Сузакском районе. Об этом сообщили в УВД Джалал-Абадской области. Ночью 4 октября в Интернете было распространено видео конфликта между милицией и местными жителями. Отмечалось, что видео снято в Сузакском районе. Свидетели сообщали, что в одном из сел, когда жители поздравляли после выборов кандидата, милиция задержала двух человек. Они отмечают, что в милицию поступила неправильная информация о драке среди собравшихся. В УВД же не стали сообщать подробности ситуации, ограничившись информацией о том, что проводится расследование. Сторонниками какой партии являются граждане на видео, также не сообщается. #сузак #жалалабад #беспредел

A post shared by Штраф KG🇰🇬🚔 (@shtraf__kg) on