ВИДЕО – Төө-Ашуу, Ала-Бел жана Өтмөк ашууларына кар жаады | Эркиндик Медиа

ВИДЕО – Төө-Ашуу, Ала-Бел жана Өтмөк ашууларына кар жаады

Төө-Ашуу, Ала-Бел жана Өтмөк ашууларына кар жаап, анын калыңдыгы 10 сантиметрди түздү. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, саат 5.00дөн баштап жол жумушчулары өтмөктөрдү кардан тазалап, унаа тайгаланып кетпөө үчүн атайын зат  чачышкан. Азыр Бишкек – ​​Ош, Талас – Тараз – Суусамыр унаа жолдору ачык, тыгын жок.

“Транспорт министрлиги бардык категориядагы айдоочуларды тез арада жайкы дөңгөлөктөрдү кышкы дөңгөлөктөргө алмаштырууга, автоунааларды кар чынжырчалары менен жабдууга, ашуулардан өткөндө сак болууга, унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоого чакырат”, – деп билдиришти ведомстводон.